Кыргызстанда 108 миң 400 адам социалдык жөлөкпул алат. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 пайызга азайганын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, социалдык пособие пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга чектелет. Социалдык жөлөкпул категориясына ылайык, 2 миңден 8 миң сомго чейинки өлчөмдө дайындалат.



