Кыргызстанда 11-майдан тарта бардык мамлекеттик органдар президент администрациясы менен бир гана электрондук документ алмашуу системасы менен иш жүргүзөт

Кыргызстанда 11-майдан тарта бардык мамлекеттик органдар президент администрациясы менен бир гана электрондук документ алмашуу системасы менен иш жүргүзөт.

 

Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жаңычылдык бир катар артыкчылыктарга ээ. Алсак, ал документтерди бир маалымат базасында сактоого, тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөгө  шарт түзүп, маалыматка жеткиликтүүлүктү арттырат.

 

Бүгүнкү күнгө карата система 37 мамлекеттик органда колдонулуп жатат.