Кыргызстанда 150 миң турак жай камсыздандырылды

Кыргызстанда 150 миң турак жай камсыздандырылды. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдиргендей, турак жайларды камсыздандыруу боюнча биринчи орунда Жалал-Абад облусу, андан кийин Ош, Талас, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустары турса, Чүй менен Бишкек активдүүлүгү жагынан эң төмөнкү көрсөткүчтү алууда.

 

Кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу калктын коопсуздугун жана табигый кырсыктардын кесепеттерине туруктуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара. Андыктан, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтар берилип жатат, — деди Абдыжалиев.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.