Кыргызстанда 20-июнда дебитордук карызы көп болгон «Газпром Кыргызстан» абоненттерине жаратылыш газын берүү токтотулат.
Компаниядан белгилешкендей, газ кызматтары жарандардан жаратылыш газга болгон карызды төлөөнү өтүнөт. Карыздын суммасын төмөнкүлөр аркылуу билсе болот:
- жаратылыш газга эсеп-дүмүрчөк;
- «Газпром Кыргызстан» мобилдик тиркемеси;
- kg сайтынан жеке кабинет;
- 4444 сурап-билүү кызматы (уюлдук телефондон чалуу акысыз).



