Кыргызстанда 2025-жылы пенсия 7 пайызга көтөрүлөт

Кыргызстанда 2025-жылы пенсия 7 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев парламент отурумунда билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча жыл сайын пенсия инфляцияга жараша индексацияланат.

 

Эсептөөлөргө ылайык, кийинки жылы пенсиянын өсүшү 7 пайызды түзөт, зарыл сумма — 1 миллиард 229 миллион сом, — деди Алиев.

 

Эске салсак, Кыргызстанда ушул айда пенсия жогорулап, анын минималдык көрсөткүчү 6 миң 900 сомго жеткирилди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.