Кыргызстанда 2026-жылга чейин күн жана шамал электростанциялары курулат

Кыргызстанда 2026-жылга чейин күн жана шамал электростанциялары курулат. Тиешелүү макулдашуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен кытайлык компаниянын ортосунда жетишилди.

 

Маалыматка ылайык, ар бир станциянын кубаттуулугу 300 мегаваттан болот. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, долбоорлорду ишке ашыруу ушул жылдын сентябрь айында башталса, эки электростанция тең колдонууга 2026-жылы берилет.