Кыргызстанда 2026-жылы көп кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, жыл башында мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин, маданият тармагынын жумушчуларынын жана тейлөөчү персоналдын айлыгы 50 пайызга жогорулайт. Экинчи этап 1-сентябрга пландалууда.
Анда мамлекеттик кызматкерлердин маянасын 50 пайызга көтөрүү күтүлөт. Бул максатта жылына 57 миллиард сом талап кылынат, анын 39 миллиарды кийинки жылдын бюджетине киргизилген.



