Кыргызстанда 2027-жылдан тарта желим баштыктарды колдонууга байланыштуу чектөөлөр өлкө боюнча күчүнө кирет.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкармалык башчысы Нурсултан Акматов билдирди.
Анын айтымында, желим баштыктарды колдонууга чектөө киргизүү боюнча мыйзам 2023-жылы кабыл алынган. Ысык-Көл облусу мыйзамды ишке ашыруунун пилоттук аймагы катары аныкталган. Колдонууга уруксат берилген баштыктардын түрлөрү аныкталды.



