Кыргызстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу материалдын баасын турукташтырууга 5 миллиард сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Каржы министри Руслан Сүйүналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйыл бул максатка бюджеттен 11 миллиард 400 миллион сом каралган. Бул чаралар инфляциянын өсүшүн ооздуктоого да багытталган.



