Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин суу чарбасын өнүктүрүү жана сугат инфраструктурасын модернизациялоо долбоорлорун ишке ашыруу маселелери боюнча өткөргөн жыйынында белгилүү болду.
Жаңы суу сактагычтарды куруу жана суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо долбоорлорун ишке ашыруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүн үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоого, айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.



