Кыргызстанда 26-28-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда жаан, кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетиши мүмкүн. Жарандарга сак болуу сунушталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



