Кыргызстанда 261 миң адам насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Кыргызстанда 261 миң адам «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Соңку маалымат менен Улуттук банк бөлүштү.

Бул механизм насыяга байланыштуу алдамчылыктын алдын алуу максатында 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта иштей баштаган.