Кыргызстанда 3-класска чейинки окуучуларга баа коюу системасын жоюу сунушталууда

Кыргызстанда 3-класска чейинки окуучуларга баа коюу системасын жоюу сунушталууда. Билим берүү министрлиги жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын жаңы долбоорун иштеп чыкты.

 

Тактап айтканда, 1-3-класстарга баллсыз система киргизүү сунушталууда. Мында жазуу же оозеки түрүндө “сапаттуу сыпаттама баалоого” гана жол берилет. Бул учурда окуучунун жеке сапаттарын, ошондой эле эс тутум жана кабыл алуу өзгөчөлүктөрүн баалоо мүмкүн эмес болуп калат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.