Кыргызстанда 40тан ашык саламаттык сактоо объектиси курулуп жатат

Кыргызстанда жалпы баасы 13 миллиард сомдон ашкан 40тан ашык саламаттык сактоо объектиси курулуп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов билдирди.

 

Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө 22 медициналык мекеме курулуп бүткөн. Учурда райондук ооруканалар, үй-бүлөлүк медицина борборлору жана перинаталдык борборлор курулууда.

 

Мындан тышкары, медициналык жабдуулар жаңыланып, санариптик технологиялар киргизилип жатат.