Кыргызстанда 41 миллион долларга фармацевтика комплекси курулат. Министрлер кабинети менен жеке компания ортосундагы фармацевтикалык каражаттарды таңгактоо жана фармацевтика комплексин куруу боюнча инвестициялык макулдашуу жактырылды.
Инвестициялык долбоор 5 жылдын ичинде эки этап менен ишке ашырылып, ага жалпысынан 41 миллион доллардан ашык багытталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



