Кыргызстанда 42 жаңы оорукана курулууда

Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөдөгү медициналык мекемелердин инфраструктурасын жаңылоо боюнча маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.

«Акыркы беш жылдын ичинде өлкө боюнча 21 саламаттык сактоо объектиси толугу менен бүткөрүлүп, элдин кызматына берилген. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын булуң-бурчунда дагы 42 ири медициналык объекттин курулушу жигердүү жүрүп жатат. Бул имараттар учурда курулуштун ар кандай этаптарында турат», — деди министр куттуктоосунда.

Министр белгилегендей, аталган курулуштардын ичинде Ош жана Талас шаарларында курулуп жаткан заманбап перинаталдык (төрөт) борборлору да бар. Мындан сырткары, өлкө боюнча эскирген ооруканаларды жана бейтапканаларды заманбап талаптарга ылайык модернизациялоо иштери кызуу улантылууда.