Кыргызстанда 5-июлга чейин аномалдуу ысык болот

Кыргызстанда 5-июлга чейин аномалдуу ысык болот. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, Чүй облусунда күндүз аба табы 40 градуска чейин көтөрүлсө, Ош, Жалал-Абад, Баткенде 41 градуска чейин ысыйт.

 

Аптаптуу ысыкта күнгө көп чыкпай, таза суудан көбүрөөк ичүү сунушталат.