Кыргызстандын аймагында 8-9-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар түрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.


