Кыргызстанда 8 миң 400дөн ашык бош жумуш орду бар.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 1-июлга карата өлкөдө 16 миңден ашык бош жумуш орду катталган. Анын ичинен 8 миң 450сү азырынча толуктала элек. Иш берүүчүлөргө негизинен жумушчу кесиптердин өкүлдөрү керек. Жыл башынан бери калкты иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7 миң 106 адам жумушка орношуп, 3 миң 451 жаран талап жогору болгон кесиптер боюнча окууга жөнөтүлгөн.



