Кыргызстанда 8 миңден ашык бош жумуш орду бар

Ушул жылдын 1-майына карата Кыргызстанда 8 миңден бош жумуш оруну катталды.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, өзгөчө талап кылынган кесиптердин катарына компьютердик оператор, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чач тарач, тырмак жасалгалоо, укалоочу, визажист, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, электр-газ ширетүүчү жана сантехник кирет.

 

Белгиленгендей, учурда республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзөт.