16-17-январь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Кээ бир аймакта туман түшүшү мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Жарандарга сак болуу сунушталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



