Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, бүгүн жана эртең түнкүсүн өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

 

Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Жарандарга сак болуу сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.