Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 110 сомго чыкты

Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин кескин кымбаттап, азыр бир литри 109,9 сомду чапчыды.
Социалдык тармактарда бир күн мурун эле баасы 100 сомдон төмөн болгону жазылган.
Буга чейин бийлик АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасын мамлекеттик жөнгө салуудан алып салган, тагыраагы, аталган бензини социалдык маанилүү товарлардын тизмесинен чыгарылган. Ал эми АИ-92 бензини жана дизель майы социалдык маанилүү товарлардын тизмесинде калган. Ошондон кийин анын наркы эркин рынок шартында өзгөрө баштаган.