Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасын мамлекеттик жөнгө салуу  жокко чыгарылды

Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасын мамлекеттик жөнгө салуу  жокко чыгарылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

 

Документке ылайык, АИ-95 маркасындагы бензин социалдык маанидеги товарлардын тизмесинен чыгарылып, ага чекене баанын эң жогорку чегин белгилөө нормасы да күчүн жоготту. Токтом 7-июлдан тартып күчүнө кирди. Белгилеп кетсек, өлкөдө бензиндин аталган түрүнүн жетишсиздиги катталууда.