Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу жана айдоочуларды даярдоо тартибин өзгөртүү сунушталууда

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу жана айдоочуларды даярдоо тартибин өзгөртүү сунушталууда. Президенттин Иш башкармалыгы тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

 

Долбоор кабыл алынса, айдоочуларга убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк берүү каралууда. Аны колдонуу мөөнөтү жана айдоочуларга коюлуучу талаптар кийин аныкталат. Автомектептер лицензия алуунун ордуна мамлекеттик реестрге киргизилип, алардын окуу программаларына, кадрларына жана материалдык-техникалык базасына талаптар күчөтүлөт.