Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк үчүн сынактардын жүрүшүн онлайн режимде байкап турууга болот. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Учурда онлайн көрсөтүү пилоттук негизде Бишкек жана Ош шаарларындагы эки аймактык бөлүмдө иштеп жатат. Мындай чечим айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, ачыктыкты пайда кылуу үчүн кабыл алынды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



