Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды

Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, өнөктүк 10-апрелге чейин созулат.

 

Анын алкагында айыл чарба жерлеринин аянты жана пайдаланылышы, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана эгиндин аянттары, мал-жандык жана канаттуулардын саны жана айыл чарба техникалары боюнча актуалдуу маалымат чогултулат.