Кыргызстанда айыл чарбасын каттоого даярдык жүрүүдө

Кыргызстанда айыл чарбасын каттоого даярдык жүрүүдө.

 

Буга чейин Улуттук статистика комитети чарба субъектилеринин тизмесин түздү. Ал үчүн ар бир каттоочуга тилке бөлүнүп, тиешелүү карталар жана тизмелер берилген.

 

Бир ай ичинде алар өлкөнүн бардык аймактарында ар бир чарбанын дарегин жана жайгашкан жерин тактоо жүргүздү. Чогулган маалымат айыл чарбасын каттоо долбоорунун кийинки этаптарынын негизин түзөт. Эске салсак, өлкөдө мал жана үй канаттууларын саноо өнөктүгү ушул жылдын ноябрь айында өтөт.