Кыргызстанда айылдык китепканаларды этап-этабы менен жабуу сунушталды.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдиргендей, бул багыттагы реформанын алкагында жаңы технологияларды колдонуу пландалууда. Тагыраагы, айылдардагы китепканаларды автоматташтыруу мерчемделүүдө. Анын алкагында книгоматтарды орнотуу талап кылынат.
Министр маалымдагандай, учурда өлкөдө 1 миң 51 китепкана болсо, айыл жергесиндеги 869 китепкананын шарты начар.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



