Кыргызстанда алдамчылык үчүн жаза күчөтүлдү. Президент Садыр Жапаров “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.
Ага ылайык алдамчылык жасалган учурда кылмыш жоопкерчилигинен же айыптоо өкүмүн аткаруудан мөөнөттүн өтүп кетишине байланыштуу бошотууга жол берилбейт. Бул норма боюнча жаза 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып пул салуу же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндө белгиленет.



