Кыргызстанда алимент төлөөдөн качкандарды жоопко тартуу жеңилдейт

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин комитеттери карап, кабыл алды.

 

Документ жалпы отурумда колдоо тапса алимент төлөбөй Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларус, Армения жана Азербайжан өлкөлөрүндө качып жүргөн жарандар жоопко тартылып, алиментти ашыгы менен төлөөгө милдеттендирилишет.

 

Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына караганда, учурда жашы жете элек балдарына алимент төлөөдөн качып жүргөн 1 миң 200дөн ашык адам издөөдө.