Кыргызстанда ар бир бешинчи турак жай камсыздандырылган

Кыргызстанда ар бир бешинчи турак жай өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандырылган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына караганда республикада 1 миллион 200 миң турак жай катталган, анын 22 пайызы камсыздандырылган.

 

Ушул жылдын биринчи кварталында 19 миллион сом компенсация төлөнгөн.

 

Камсыздандыруу полисинин баасы шаарларда 1 миң 200 сом, айылдарда 600 сомду түзөт. Камсыздандыруу төгүмдөрүн онлайн төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Учурда бул кызматты “Түндүк” мамлекеттик порталында ишке ашыруу боюнча да жумуштар жүрүп жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.