Кыргызстанда ажылык сапардын процесси санариптештирилет. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков билдирди.
Анын айтымында, ажылык сапарга бара тургандар каттоодон өтүп, акча төлөөгө чейинки бардык процес электрондоштурулат. Бул үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыгат.



