Кыргызстанда ажылыкка жаңы талапкерлерди каттоо 25-августтан тарта башталат

Кыргызстанда ажылыкка жаңы талапкерлерди каттоо 25-августтан тарта башталат.

 

Мусулмандардын дин башкармалыгынын маалыматына караганда, каттоо саат 9да ачылып, жарандар “Хаж” мамлекеттик системасы аркылуу электрондук идентификациядан өтүшү керек. Андан соң 180 миң сом өлчөмүндө баштапкы төлөмдү киргизүү зарыл.

 

Төлөм сом менен банк тиркемеси же электрондук капчык аркылуу жүргүзүлөт. Орундар квота толгонго чейин берилет, ал эми кезек төлөмдү ким биринчи киргизгенине жараша автоматтык түзүлөт.