Кыргызстанда бүгүнтөн тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйдү. Социалдык фонддон билдиришкендей, ага ылайык пенсия 7 миң 100 сомдон кем болбойт. Бул үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө кеминде 600 сомдон кошулат.
Ал эми 50 миң сомдон көп суммада пенсия алгандарга эң көбү 5 миң сом чегерилет. Эске салсак, өткөн жылы 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга жогорулап, эң аз пенсия 6 миң 900 сомго жеткирилген.



