Кыргызстанда бала бакча же мектеп курууну каалагандарга жер тилкелери акысыз берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады. Анын айтымында, тиешелүү тапшырма жергиликтүү бийлик органдарына берилди.
Мамлекет талап кылынган сандагы окуу жайларды сала албай жаткандыктан, жеке ишкерлердин чечимдерин колдоо каралат.
Жер тилкелери райондук борборлордо, кичи шаарларда жана облустун баш калааларында берилет. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында дагы алса болот. Тилкелердин аянты 50 сотыхтан 2 гектарга чейин жетет.



