Кыргызстанда бала бакчаларга “электрондук кезек” менен кабыл алуу системасы жаңы дарекке көчүрүлдү

Кыргызстанда бала бакчаларга “электрондук кезек” менен кабыл алуу системасы жаңы дарекке көчүрүлдү. Эми балдарды кабыл алуу balalyk.edu.gov.kg порталы аркылуу жүргүзүлөт.

 

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул мектепке чейинки билим берүүдөгү бардык кызматтарды бириктирүүгө жана ата-энелерге процедураларды жөнөкөйлөтүү үчүн жасалды. Эми бала бакчага арыз тапшыруу, кезекке туруу жана кезектин жүрүшүн көзөмөлдөө balalyk.edu.gov.kg порталы же “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.