Кыргызстанда балдардын креативдик-индустриалдык паркы курулат

Жакында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстанда биринчи жолу балдардын креативдик-индустриалык паркы салынат. Бул тууралуу тапшырма берилгендигин Кыргыз улуттук тарых музейинде өткөн “Илимдеги кыздар” (STEAM4Girls) иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, ошол жерде экологиялык, санариптик, киберкоопсуздук жана робот жыйноо боюнча жаңы заманбап имарат курулат. Ошондой эле мугалимдерди өнүктүрүү борбору кошо салынат.