Кыргызстанда BARS улуттук бренди менен автоунаа чыгарылат. Өнүм ички рыноктон тышкары Борбор Азия жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрүнө экспорттолорун Экономика жана соода министрлиги билдирди.
Электр кыймылдаткычы менен иштеген жеңил, коммерциялык жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүүгө жана чогултууга багытталган автомобиль өнөр жай кластерин түзүү долбоорунун алгачкы этабында өндүрүштү ири түйүндүү чогултуу, андан кийин майда түйүндүү чогултууга жана толук өндүрүш циклине өтүү пландалууда.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миңге чейин автоунааны түзөт. Долбоор 15 гектар жер тилкесинде ишке ашырылып, 100 жумуш ордун түзүү каралган.



