Кыргызстанда бейтапканага “Түндүк” тиркемесинен эле каттоого туруп, дарыгерди үйгө онлайн чакыртууга болот

Кыргызстанда бейтапканага “Түндүк” тиркемесинен эле каттоого туруп, дарыгерди үйгө онлайн чакыртууга болот. Мобилдик тиркемеде ушундай эки медициналык жаңы кызмат ишке кирди.

 

Ал үчүн “Менин ден соолугум” бөлүмүнө өтүп, тизмеден “Поликлиникага онлайн тиркелүү” кызматын басуу керек. Ал эми дарыгерди үйгө чакыруу үчүн жаран “Менин ден соолугум” бөлүмүнөн “Медицина кызматкерин үйгө онлайн чакыруу” кызматын тандайт.