Кыргызстанда бийик тоолуу райондордун тургундары үчүн пособиени 29 миңдей адам алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, төлөм бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарда жана өзгөчө макамы бар чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларына берилет.
Пособие үчүнчү жана андан кийинки төрөлгөн балага 3 жашка чейин үй-бүлөнүн кирешесине карабай чегерилет. Жөлөк пулду алуу үчүн жарандар министрликтин аймактык башкармалыктарына кайрылышы керек.



