Кыргызстанда Бирдиктүү коопсуздук кызматы түзүлдү. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Максатбек Кылычев билдирди. Анын айтымында, жаңы кызматтын курамына Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар, унаа жана жолдор, жаратылыш жана саламаттыкты сактоо министрликтери кирди.
Кызматкерлердин милдетине коомдук тартипти сактоо, жарандардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо, өзгөчө кырдаалдарга жана аварияларга ыкчам таасир берүү, биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана ведомстволор ортосундагы координацияны түзүү кирет.
Кызматтын материалдык-техникалык базасын түзүүгө президент фондунан 144 миллион сом бөлүндү.



