Кыргызстанда быйыл март айында ишин баштаган мамлекеттик автомектептердин алгачкы бүтүрүүчүлөрү күбөлүк алышты. Окууну ийгиликтүү аяктаган курсанттарга СЕ жана А категориялары боюнча документтер тапшырылды.
Эки айлык кайра даярдоо курсуна жалпысынан 100 адам кабыл алынып, анын 57си окууну ийгиликтүү аяктаган. Эске салсак, мамлекеттик автомектептер айдоочуларды даярдоо системасын реформалоонун алкагында ачылып, окутуунун сапатын жогорулатуу жана коррупциялык схемаларды жоюу максатын көздөйт.



