Кыргызстанда быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө 69 миң 467 абитуриент катышты

Кыргызстанда быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө 69 миң 467 абитуриент катышты.

 

Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык, катышуучулардын 55,4 пайызы тестти кыргыз тилинде, ал эми 44,6 пайызы орус тилинде тапшырган. Эң көп тандалган сабактар тарых, математика жана биология болду. Белгилеп кетсек, тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү 13-июлда башталат.