Кыргызстанда үч завод ишке берилет

Кыргызстанда “Кант» цемент заводу, “Майлуу-Суу» лампа заводу жана “Асыл Таш” керамика заводу ишке берилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган объекттер жакында ачылат.

 

Мындан тышкары, быйыл өлкөдө жалпысынан 128 ишкана ачылып, 15 миң жумуш орду түзүлөт. Бул тармактагы инвестициянын көлөмү 1 млрд 700 млн долларды түзөт. Анын ичинен 60%ы ички инвестиция.

 

Ишканалар ачылса, өнөр жай тармагынын өсүшү жети пайыздын тегерегинде болот деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.