Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы жүрүүдө. Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, анын алкагында бардык документтери толук унаалар легалдаштырылат.
Экинчи этапта тиешелүү техникалык абалындагы, бирок документи жок машинелер мыйзамдаштырылат. Үчүнчү этапта документтери жок унааларды запастык бөлүктөргө сатуу, өлкөдөн алып чыгуу, утилдештирүү каралат. Мыйзамдаштыруунун экинчи этабы болжол менен май айында башталат.



