Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги билдирди.
Бул мекеме чет элдик студенттерди Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга кабыл алууну координациялайт.
“Борбор биздин окуу жайлар тууралуу чет өлкөлөрдө маалымдоо иштерин жүргүзүү, аларды окууга тартуу, түшүндүрүү менен алектенет. Ошону менен бирге виза маселелери боюнча жана медициналык, академиялык колдоо көрсөтөт. Бул окуу жайларга сапаттуу кабыл алууну жана калыпка салууну, чет элдик студенттерди түз кабыл алуу үчүн түзүлгөн ишкана”, — деп айтылат маалыматта.



