Кыргызстанда чет элдик таксисттер мамлекеттик тилди билүүсүн тастыкташы керек

Кыргызстанда чет элдик таксисттер мамлекеттик тилди билүүсүн тастыкташы керек.

 

Ички иштер министрлиги мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштады. Ага ылайык, эми КМШ мамлекеттеринин жарандарынан башка чет элдиктер ишке орношууга уруксат алуу үчүн кыргыз же орус тилин билүүгө тест тапшырат.

 

Ведомство каттоону жөнөкөйлөтүүнү дагы сунуштоодо, алсак, арыздар, документтер электрондук түрдө тапшырылып, милдеттүү кагаздар тизмесинен салыктар, соттолгондугу боюнча маалымкаттар жана унаага ишеним кагаз алынат. Андан тышкары, 3 айда бир такси айдоочулары жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инструктаждан өтүшү керек болот.