Кыргызстанда чет элдик валютанын дефицити жок

Кыргызстанда чет элдик валютанын дефицити жок. Бул тууралуу Улуттук банктын бөлүм башчысы Эмиль Сарыажиев билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн валюта рыногунда абал туруктуу.

 

Учурда рубль курсунун серпилүүсүн алдын алуу боюнча атайын механизмдер көрүлүп жатат. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси банк секторундагы бузууларды жоюуга багытталган текшерүүлөрдү жүргүзүүдө, — деди адис.