Кыргызстанда чет өлкөлүк машинелерди легалдаштыруу жараяны уланат

Кыргызстанга чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды легалдаштырууга дагы бир мүмкүнчүлүк берилмей болду.

 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, жараян 1-сентябрга чейин уланат. Ага ылайык, чет элдик номур менен жүргөн машинелердин ээлери Министрлер кабинети белгилеген тартипте автоунаасын мыйзамдаштырып алса болот. Андан тышкары Кыргызстандан чыгарып кетүү, тетиктерге бөлүп сатуу укугу бар.

 

Бул жарлык өлкөгө 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташылып келген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн транспортторго гана тиешелүү. Легалдаштыруу бир эле жолу болот жана мындан ары узартылбайт.